3-КЛАССТАР ҮЧҮН «ТАБИГЫЙ ИЛИМДЕР» ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК КОМПЛЕКСИНИН 2-БӨЛҮГҮ БАСЫЛЫП ЧЫКТЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

23 Июль 2026 ж. 13:35

Көрүлдү: 127

3-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу-методикалык комплексинин экинчи бөлүгү жалпы 178 512 нускада: кыргыз тилдүү мектептер үчүн - 103 754; ал эми орус тилдүү мектептер үчүн - 74 758 нускада «Учкун» басмаканасында басылып чыкты.

post.title

Белгилей кетсек, буга чейин ушул эле окуу китебинин биринчи бөлүгү да 178 512 нускада басылып, өлкөнүн жалпы билим берүү уюмдарына жеткирилген.

Натыйжада, 3-класстар үчүн «Табигый илимдер. Мен жана дүйнө» окуу-методикалык комплекси биринчи жана экинчи бөлүгү болуп, жалпы 357 024 нускада даярдалды.

Алдыда аталган ОМКларды өлкөнүн жалпы билим берүү уюмдарына жеткирүү иштери башталат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар