БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫН САНАРИПТЕШТИРҮҮ БОЮНЧА ВЕДОМСТВОЛОР АРАЛЫК ЖОЛУГУШУУ ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

22 Июль 2026 ж. 13:54

Көрүлдү: 253

Бүгүн, 22-июлда, Президенттин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесинде «Түндүк» ААК менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жетекчиликтеринин катышуусунда ведомстволор аралык жумушчу жолугушуу өткөрүлдү.

post.title

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова, «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин директору Азамат Джапаров, ошондой эле «Түндүк» ААКнын кызматкерлери катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрликтер учурда ишке ашырылып жаткан долбоорлору менен тааныштырып, билим берүү тармагында санариптик чечимдерди өнүктүрүү жана өркүндөтүү, ошондой эле биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу багытында пикир алышышты.

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын айтымында, бүгүнкү күндө билим берүү тармагында окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер санарип платформаларга туташып, аларды активдүү пайдаланып жатышат. Алардын катарына «Э-Күндөлүк», АИС «Мугалим» жана башка санариптик тиркемелер кирет. Мындай өзгөрүүлөр окуу процессин жеңилдетүүгө, билим берүү тутумунун ачыктыгын камсыздоого жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга өбөлгө түзөт.

Жолугушуунун жыйынтыгында белгиленген иш-чараларды ыкчам ишке ашыруу боюнча конкреттүү тапшырмалар коюлуп, мындан аркы кызматташуунун негизги багыттары аныкталды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар