ЖРТда ЭҢ ЖОГОРКУ БАЛЛ АЛГАН МЕКТЕП БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНӨ “КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН СЫЙМЫГЫ” СЕРТИФИКАТТАРЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

21 Июль 2026 ж. 13:51

Көрүлдү: 339

Бүгүн, 21-июлда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылдагы Жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча эң жогорку упай топтогон мектеп бүтүрүүчүлөрүнө “Кыргыз Республикасынын Президентинин сыймыгы” сертификаттарын тапшырды.

post.title

Салтанаттуу иш-чарага 54 “Алтын сертификаттын” ээси, ошондой эле ЖРТда жогорку упай топтогон аймактардан келген 20 бүтүрүүчү катышты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Президенттин куттуктоосун окуп берип, «Алтын сертификаттын» ээлерин өлкөнүн интеллектуалдык сыймыгы жана жаркын келечеги экенин белгиледи. Ал бул ийгиликтин артында узак күндөр жана уйкусуз түндөр бою жасалган даярдык, ошондой эле ата-энелердин колдоосу жана мугалимдердин зор салымы турганын айтып, билимдүү жана таланттуу жаштар өлкөнүн башкы байлыгы экенин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, “Алтын сертификат” анын ээлерине Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына мамлекеттик гранттын негизинде окууга кабыл алынууда артыкчылык берет.

Толугу менен - https://www.gov.kg/ky/post/s/26477-prezidenttin-atynan-minkab-toragasy-adylbek-kasymaliev-2026-zylky-zrtda-en-zogorku-ball-algan-mektep-buturuuculoruno-kyrgyz-respublikasynyn-prezidenttinin-syimygy-sertifikattaryn-tapsyr

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар