ИННОВАЦИЯЛЫК МЕКТЕПТЕ МОДЕРНИЗАЦИЯЛОО ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

21 Июль 2026 ж. 9:24

Көрүлдү: 298

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы №6 Арал жалпы билим берүү мектеби 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында тандалып алынган 53 инновациялык мектептин бири.

post.title

Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан билим берүү трансформациясынын алкагында инновациялык мектептерде заманбап билим берүү чөйрөсүн түзүү, STEM-билим берүүнү өнүктүрүү, санариптик технологияларды кеңири колдонуу жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча иштер системалуу жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө №6 Арал инновациялык мектебинде капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

Оңдоп-түзөө иштеринин алкагында окуу кабинеттери, китепкана, STEM-кабинеттер, эмгекке үйрөтүү кабинети жана башка окуу жайлары жаңыланып, окуучулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө.

Мектеп жетекчилиги инновациялык мектептерди өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан реформаларга активдүү катышып, трансформациялык лидерлик жана инновацияларды башкаруу багытындагы окуулардан өтүү аркылуу башкаруунун жаңы ыкмаларын ишке киргизүүдө.

Оңдоп-түзөө иштери аяктагандан кийин мектеп STEM-лабораторияларга жана санариптик окутуу үчүн зарыл болгон жабдууларга ээ болуп, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Биз инновациялык мектептерде жүргүзүлүп жаткан жаңылоо иштеринин жүрүшү тууралуу маалыматтар менен мындан ары да үзгүлтүксүз бөлүшүп турабыз.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар