КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУ ХИМИЯ БОЮНЧА 58-ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА КОЛО МЕДАЛЬ ЖЕҢИП АЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

20 Июль 2026 ж. 9:58

Көрүлдү: 413

“Аалам” эл аралык (AIMS Razzakov) мектебинин 12-классынын окуучусу Эрмек Саматов Химия боюнча 58-эл аралык олимпиадада (International Chemistry Olympiad, IChO) коло медаль жеңип алды.

post.title

Олимпиада 2026-жылдын 10–19-июль күндөрү Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында өтүп, ага дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген эң мыкты окуучулар катышып, химия боюнча теориялык билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн көрсөтүштү.

Команданын машыктыруучулары жана жетекчилери: профессор Тынчтык Аматов, Эльбрус Тажибаев, Иван Решетников, Максатбек Кахраманов.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар