Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
20 Июль 2026 ж. 9:51
Көрүлдү: 405
19-июлда, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин жаш окумуштууларынын эл аралык илимий-билим берүү лагеринин – SCO Young Scientists Camp 2026 – расмий жабылуу аземи өттү.
Аземдин жүрүшүндө ШКУга мүчө мамлекеттерден келген катышуучуларды коштоп жүргөн делегация жетекчилерине эл аралык лагерге кошкон салымы үчүн сертификаттар тапшырылды.
Ошондой эле лагердин беш илимий багыты боюнча иш алып барган профессорлор Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыраазычылык каттары менен сыйланышты.
Министрликтердин ыраазычылык каттары менен төмөнкүлөр сыйланышты:
• Жайлоо Мамытбеков – «Суу робототехникасы» багыты боюнча профессор (Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги);
• Бектур Мурзалиев – «Астроинформатика» багыты боюнча профессор (Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги);
• Айганыш Нурканбек кызы – «Биомедицина» багыты боюнча профессор (Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы);
• Селим Югазиев – «Экологиялык химия» багыты боюнча профессор (Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги);
• Улан Дакеев – «Кайра жаралуучу энергия» багыты боюнча профессор (Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги).
Мындан тышкары, эл аралык лагердин академиялык курамынын негизги координатору, Эл аралык биология олимпиадасынын (IBO) коло медалынын ээси Айбике Базарбаевага Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Ыраазычылык каты тапшырылды.