ШКУГА МҮЧӨ МАМЛЕКЕТТЕРДИН ЖАШ ОКУМУШТУУЛАРЫНЫН ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-БИЛИМ БЕРҮҮ ЛАГЕРИ ӨЗ ИШИН ЖЫЙЫНТЫКТАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

19 Июль 2026 ж. 19:24

Көрүлдү: 373

Бүгүн, 19-июлда, Чолпон-Ата шаарындагы “Акылман” президенттик лицейинде Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин жаш окумуштууларынын эл аралык илимий-билим берүү лагеринин (SCO Young Scientists Camp 2026) расмий жабылуу аземи өттү.

post.title

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Гүлнара Ботоканова катышты.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулган эл аралык лагерь 6–19-июль күндөрү өтүп, Кытай Эл Республикасынын, Россия Федерациясынын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын жаш окумуштууларын, илимий жетекчилерин жана профессорлорун бириктирди.

Эки жуманын аралыгында ШКУга мүчө мамлекеттердин катышуучулары окумуштуулар менен насаатчылардын жетекчилиги алдында эл аралык командаларда иш алып барышты. Алар изилдөөлөрдү жүргүзүп, маалыматтарды талдап, прототиптерди иштеп чыгып, глобалдык чакырыктарды чечүүгө багытталган илимий долбоорлорду сунушташты.

Изилдөө иштери экологиялык химия, биомедицина, кайра жаралуучу энергетика, суу астындагы робототехникасы жана астроинформатика багыттары боюнча жүргүзүлдү.

Аземде сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева:

«Силердин илимий-изилдөө ишиңер менен таанышып жатып, канчалык татаал, терең жана илимий жактан негизделген эмгекти аткарганыңарга күбө болдум. Айрыкча, силерге багыт берип, жетекчилик кылган илимий жетекчилерге жана окумуштууларга терең ыраазычылык билдирем. Силердин биргелешкен эмгегиңер келечекте дүйнө жүзүндөгү адамдардын жашоо сапатын жакшыртууга кызмат кылат деп ишенем», – деди.

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова бул эл аралык лагерь ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы илимий-билим берүү кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарып, жаш окумуштуулардын интеллектуалдык кызматташуусун чыңдап, мамлекеттерди байланыштырган интеллектуалдык көпүрөгө айланганын белгиледи.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Гүлнара Ботоканова: «Бул лагерь жаш окумуштуулар үчүн жаңы идеяларды жаратып, тажрыйба алмашууга жана илимий байланыштарды кеңейтүүгө мыкты мүмкүнчүлүк түздү. Бүгүн түзүлгөн кызматташтык келечекте биргелешкен илимий долбоорлордун негизин түзөт деп ишенем. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы мындай демилгелерди ар дайым колдоого даяр», – деди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар