КЫРГЫЗСТАНДЫН ОКУУЧУЛАРЫ ЭЛ АРАЛЫК БИОЛОГИЯ ОЛИМПИАДАСЫНДА ЭКИ КОЛО МЕДАЛЬ ЖЕҢИП АЛЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

19 Июль 2026 ж. 12:34

Көрүлдү: 399

Кыргызстандын окуучулары дүйнөдөгү эң абройлуу 37-Эл аралык биология олимпиадасында (International Biology Olympiad — IBO 2026) эки коло медаль жана бир ардак грамота жеңип алышты.

post.title

Эл аралык олимпиада 2026-жылдын 12–19-июль күндөрү Литванын Вильнюс шаарында болуп өттү.

Медаль жана ардак грамотага ээ болгон окуучулар:

🥉 Атахан Исираев – Ысык-Көл облусундагы «Кут Билим» окуу-тарбия комплексинин 11-классынын окуучусу, коло медаль. Машыктыруучу мугалими – Асхатбек Темиркулов.

🥉 Улукбек Русланбеков – «Сейтек-СТЕМ» билим берүү мекемесинин 10-классынын окуучусу, коло медаль. Машыктыруучу мугалими – Эльбрус Тажибаев.

✨ Ирина Разводовская – «Маариф» билим берүү мекемесинин 11-классынын окуучусу, ардак грамота. Машыктыруучу мугалими – Арсений Виноградов.

Биология боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын жетекчилери — Даян Мелисов жана Бактынур Ажибаев.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар