Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
17 Июль 2026 ж. 20:51
Көрүлдү: 595
Бүгүн, 17-июлда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан Билим берүү жана илим кызматкерлеринин «Кызыл гвоздика» ден соолукту чыңдоо борборунун жаңы корпусунун салтанаттуу ачылыш аземине катышты.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин биринчи орун басары Гүлнура Мамырова, Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Бактыбек Осмонов, Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде уулу, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Саламат Боёнов, ошондой эле билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты.
Өз сөзүндө агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева педагогдордун ден соолугун чыңдоо жана алардын эс алуусу үчүн шарттарды жакшыртуу билим берүү тармагын колдоонун маанилүү багыттарынын бири экенин белгиледи.
Жаңы үч кабаттуу корпус 55 орунга ылайыкталып курулуп, анда конференц-зал жана банкеттик зал каралган. Мунун натыйжасында борбордун жалпы сыйымдуулугу 140 орунга жетти.