Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
17 Июль 2026 ж. 11:55
Көрүлдү: 540
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Улуттук аккредитациялык кеңештин курамына мүчөлөрдү киргизүү үчүн төмөнкү орунга ачык конкурс жарыялайт:
Конкурска катышуучуга коюлуучу талаптар:
- Кыргыз Республикасынын жараны;
- мамлекеттик тилди билүү;
- жогорку кесиптик билими бар.
Иш тажрыйбасы:
Конкурстук тандоого төмөнкүлөр катыша албайт:
- аккредитациялык агенттиктин уюштуруучулары;
- аккредитациялык агенттикте кандайдыр бир ишти жүзөгө ашыруучу киши;
- аккредитациялык агенттиктердин администрациясы жана кызматкерлери менен жакын туугандык мамилелери бар киши;
- билим берүү уюмунун жетекчиси.
Конкурстук тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
- арыз;
- резюме;
- паспорттун, билими тууралуу дипломдун жана эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү;
- иш берүүчүлөрдүн ассоциацияларынын, билим берүү уюмдарынын ассоциацияларынын жана коомдук институттардын жетекчилеринин сунуштамасы.
Конкурстун катышуучусу арызды жана ага тиркелген документтерди мамлекеттик тилде төмөнкү электрондук почта аркылуу 1 документ катары PDF форматта жөнөтөт: edu@mail.gov.kg
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2026-жылдын 17-июлунан тартып 2025-жылдын 4-августу саат 18.00 чейин.
Байланыш телефону: (0312) 66-38-98; 0705155844
Чалуу жумуш күндөрү саат 9:00 – 18:00 чейин.