Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
16 Июль 2026 ж. 18:09
Көрүлдү: 650
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Кара-Суу районундагы «Жаңы Билим» жеке менчик мектебинде аныкталган мыйзамдардын жана лицензиялык талаптардын одоно бузулуштарына байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет.
Министрликтин 2026-жылдын 27-апрелиндеги №565/1, буйругунун негизинде аталган жеке менчик мектепке күндүзгү окуу формасында 100 окуучуга чейин негизги жалпы билим берүү, орто жалпы билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензия берилген. Бирок текшерүүнүн жүрүшүндө мектептин буйрук китебинде 1000 окуучу катталганы аныкталган. Ошондой эле мектеп 2026-жылдын 14-майынан тартып «Э-Күндөлүк» маалыматтык системасына 9-класстын 2371 окуучусу боюнча маалыматтарды киргизе баштаган. Алардын ичинен Кара-Суу райондук сырттан окуу мектебинен 987 окуучу жана «Лицей Эверест» окуу-тарбия комплексинен 46 окуучу которулган.
Мындан тышкары, текшерүүдө эмгек мыйзамдарынын жана билим берүү процессин уюштурууга коюлган талаптардын бузулгандыгы аныкталган. Атап айтканда, айрым мугалимдер менен эмгек келишимдери талаптагыдай жол-жоболоштурулбаганы, эмгек китепчелери толтурулбаганы, ошондой эле окуу процесси бекитилген окуу планына ылайык уюштурулбай, сабактардын жадыбалдары жана окуу жүктөмдөрү белгиленген талаптарга жооп бербегени белгилүү болгон.
Текшерүүнүн жыйынтыгында аталган жеке менчик билим берүү уюму лицензия алуу максатында «Лицензиялоо» автоматташтырылган маалыматтык системасына анык эмес документтерди жана маалыматтарды киргизип, мыйзам талаптарын одоно бузганы аныкталды.
Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын «Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Мыйзамынын 29-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы №678 токтому менен бекитилген «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө» жобонун 61-главасынын 383-пунктуна ылайык, «Жаңы Билим» билим берүү комплексинин лицензия алууга сунуштаган документтеринде анык эмес маалыматтар берилгени аныкталды.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын талаптары талаптагыдай аткарылбаганы, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2026-жылдын 20-февралындагы №140/1 «Кыргыз Республикасынын негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча 2025/2026-окуу жылындагы жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны өткөрүү жөнүндө» жана 2026-жылдын 28-апрелиндеги №587/1 «2025–2026-окуу жылына карата жалпы билим берүү уюмдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу иш-чаралары жөнүндө» буйруктары өз убагында аткарылбаганы текшерүүнүн жүрүшүндө белгилүү болду.
Аталган мыйзам бузуулардын негизинде Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2026-жылдын 4-июнундагы № 728/1 буйругу менен «Жаңы Билим» билим берүү комплексине күндүзгү окуу формасы боюнча берилген № LM-2026 0106 лицензиясынын колдонулушу токтотулду. Ошондой эле лицензиялык талаптарды бузуу фактыларын жоюу үчүн билим берүү комплексине 2026-жылдын 3-сентябрына чейин мөөнөт белгиленди.
«Жаңы Билим» билим берүү комплексинин 2025–2026-окуу жылында сырттан окуу формасы боюнча жүргүзгөн мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө укуктук баа берүү үчүн текшерүүнүн жүрүшүндө топтолгон материалдар тиешелүү укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.