АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИНДЕ КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН ЖУМУШКА ОРНОШТУРУУ МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

16 Июль 2026 ж. 17:41

Көрүлдү: 1051

Бүгүн, 16-июлда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун кесиптик лицейлеринин директорлору, ошондой эле муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

post.title

Иш-чарага агартуу министринин орун басары Виктория Мозгачева, Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу Рахат Мусаева, Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусеинова, ошондой эле кесиптик лицейлердин жетекчилери катышты.

Жолугушууда башталгыч кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча маанилүү маселелер каралды. Негизги көңүл кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрүн жумуш менен камсыз кылуу, дуалдык окутууну өнүктүрүү, ошондой эле билим берүү мекемелеринин иш берүүчүлөр жана жергиликтүү бийлик органдары менен кызматташуусун күчөтүү маселелерине бурулду.

Министрдин орун басары Виктория Мозгачева кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрүн жумушка орноштуруу боюнча иштерди күчөтүү керектигин белгиледи. Ал иш берүүчүлөр менен тыгыз байланыш түзүү, ишканалар жана уюмдар менен кызматташууну кеңейтүү, ошондой эле эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер боюнча адистерди даярдоонун маанилүүлүгүн айтты.

Өз кезегинде, жолугушуунун катышуучулары дуалдык окутууну өркүндөтүү механизмдерин, окуучулардын практикалык даярдыгынын сапатын жогорулатуу жана аймактык эмгек рыногунун квалификациялуу жумушчу кадрларга болгон муктаждыгын аныктоо маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында кесиптик лицейлердин жетекчилерине иш берүүчүлөр менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү, бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштуруу боюнча иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу жана өлкө экономикасынын муктаждыктарына ылайык практикага багытталган кадрларды даярдоону мындан ары өнүктүрүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар