НАРЫН ШААРЫНДАГЫ №4 ИННОВАЦИЯЛЫК МЕКТЕПТЕ КАПИТАЛДЫК ОҢДОП-ТҮЗӨӨ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

15 Июль 2026 ж. 10:37

Көрүлдү: 629

Аталган жалпы билим берүү мекемеси 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында тандалып алынган 53 инновациялык мектептин бири болуп саналат.

post.title

Белгилей кетсек, инновациялык мектептер жаңы мамлекеттик билим берүү стандарттарын ишке ашыруунун, STEM-билим берүүнү өнүктүрүүнүн, санариптик технологияларды кеңири жайылтуунун жана мектептер аралык кызматташууну чыңдоонун негизги аянтчасы болуп эсептелет.

Учурда мектепте капиталдык оңдоп-түзөө иштери белгиленген графикке ылайык кызуу жүрүп жатат. Имараттын биринчи, экинчи жана үчүнчү кабаттарындагы дубалдардын эски катмары толугу менен тазаланып, сырдоогө даярдалды. Полдор демонтаждалып бүтүп, электр зымдары толугу менен жаңыртылды. Ошондой эле спорт зал, жыйындар залы STEM-кабинеттерин жаңылоо иштери жүрүп жатат.

Мектеп директору Кыдырбек Орозалиевдин айтымында, инновациялык мектеп макамы билим берүү сапатын жогорулатуу менен катар мектепти башкаруунун жаңы ыкмаларын киргизүүгө, жаңыланган мамлекеттик билим берүү стандарттарын ишке ашырууга жана кластердик мектептер менен тыгыз кызматташууну өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Жыл соңуна чейин Агартуу министрлиги тарабынан мектеп STEM сабактары үчүн заманбап лабораториялык жабдуулар, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана жаңы эмеректер менен камсыздалат.

Бул окуучулар үчүн практикага багытталган, заманбап билим берүү чөйрөсүн түзүүгө кеңири мүмкүнчүлүк берет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар