КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН РОССИЯ ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫН ДАЯРДОО ЖААТЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ КҮЧӨТӨТ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

15 Июль 2026 ж. 10:35

Көрүлдү: 515

2026-жылдын 14-июлунда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борборунда Кыргызстандын жана Россиянын өкүлдөрүнүн катышуусунда эмгек миграциясы жана адистерди даярдоо маселелери боюнча жолугушуу өттү.

post.title

Жолугушууда эмгек рыногунун талаптарына жооп берген квалификациялуу адистерди даярдоо, чет өлкөлөрдө ишке орношкон жарандардын кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана адистердин даярдык деңгээлин баалоо боюнча кызматташуунун келечеги талкууланды.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте уюштурулуп, ага Орусиянын жумуш берүүчүлөрүнүн, кадрлар жана жеке жумушка орноштуруу агенттиктеринин, “Улуттук ширетүүнү контролдоо агенттигинин”, Россия Федерациясынын Өкмөтүнө караштуу Финансы университетинин, ошондой эле Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын жана уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эмгек миграциясы, адистерди даярдоо жана квалификацияны таануу багыттарында кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча эки тараптуу меморандумга кол коюшту.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар