Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
10 Июль 2026 ж. 17:41
Көрүлдү: 84
Бүгүн, 10-июлда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен тар чөйрөдө кездешти.
Жолугушууда Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө багытталган билим берүү тармагындагы артыкчылыктуу багыттар жана кызматташтыктын келечеги талкууланды.
Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) — бул 2030-жылга чейин дүйнө өлкөлөрү ишке ашырууга тийиш болгон 17 глобалдык максаттын жыйындысы. БУУ Кыргызстанды Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) ылайык улуттук артыкчылыктарды ишке ашырууда активдүү колдоп келет. Алардын ичинен ТӨМ 4 — «Сапаттуу билим» өзгөчө мааниге ээ. Бул максат ар бир адам үчүн өмүр бою инклюзивдүү, адилеттүү жана сапаттуу билим алууга шарт түзүүгө багытталган.