Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
10 Июль 2026 ж. 11:12
Көрүлдү: 116
Жети-Өгүз районунун билим берүү тармагынын өкүлдөрү Япониянын IKIGAIDO компаниясынын чакыруусу менен билим берүү тармагындагы тажрыйба алмашуу боюнча иш сапары менен Японияда болушту.
Делегациянын курамына райондук мамлекеттик администрациянын, билим берүү бөлүмүнүн, мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, ошондой эле педагогдор кирди.
Иш сапардын жүрүшүндө делегация мамлекеттик жана жеке менчик бала бакчалардын, мектептердин ишмердүүлүгү менен таанышып, билим берүү процессин уюштуруу, мугалимдердин ишин колдоо, окуучулардын коопсуздугун камсыздоо, санитардык талаптарды сактоо жана мектептик тамактанууну уюштуруу боюнча Япониянын алдыңкы тажрыйбасын үйрөндү.
Өзгөчө көңүл мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө, окутуунун заманбап ыкмаларын колдонууга жана билим берүү мекемелерин натыйжалуу башкаруу тажрыйбасына бурулду. Ошондой эле делегация чет өлкөлүк студенттер үчүн билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн сунуштаган тил мектебинин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Мындан тышкары, Токио шаарынын Кодайра шаардык жетекчилиги жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билим берүү тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, педагогдордун тажрыйба алмашуусун өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Иш сапардын негизги максаты — Япониянын мектепке чейинки жана жалпы билим берүү системасындагы алдыңкы тажрыйбаларды өздөштүрүү, педагогдордун кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган мыкты тажрыйбаларды Жети-Өгүз районунун билим берүү уюмдарына киргизүүгө өбөлгө түзүү болуп саналат.
Белгилей кетсек, IKIGAIDO 株式会社 — Япониянын Токио шаарында жайгашкан компания. Ал IT багытындагы билим берүү долбоорлорун, ошондой эле чет өлкөлүк окуучулар жана студенттер үчүн Японияда билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган эл аралык билим берүү программаларын ишке ашырат жана билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат.