АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИНДЕ ЖАРАНДАРДЫН МАСЕЛЕЛЕРИ КАРАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

9 Июль 2026 ж. 18:04

Көрүлдү: 180

Бүгүн, 9-июлда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева министрликтин коомдук кабылдамасында жарандарды кабыл алды.

post.title

Кабыл алууда жарандар жумушка орношуу, ведомстволук сыйлыктарды алуу, балдарды мектепке которуу маселелери боюнча кайрылып, билим берүү тармагына байланыштуу сунуштарын айтышты.

Ар бир кайрылуу боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөр берилип, түзүмдүк бөлүмдөргө көтөрүлгөн маселелерди мыйзам чегинде кароо тапшырылды . Бөлүмдөрүнүн башчылары жарандарга тиешелүү маселелер боюнча консультация беришти.

Агартуу министрлигинин коомдук кабылдамасынын телефону: +996 (312) 62-05-19.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар