КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ БОЮНЧА АЗИЯ–ТЫНЧ ОКЕАН ОЛИМПИАДАСЫНДА КҮМҮШ ЖАНА КОЛО МЕДАЛДАРДЫ ЖЕҢИП АЛЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

9 Июль 2026 ж. 17:59

Көрүлдү: 183

2026-жылдын 13-июнунда Жасалма интеллект боюнча Азия–Тынч океан олимпиадасы (Asia-Pacific Olympiad in Artificial Intelligence, APOAI 2026) болуп өттү. Мелдешке 18 өлкөдөн жана Азия–Тынч океан аймактарынан 128 окуучу катышты.

post.title

Кыргызстандын курама командасы олимпиадага ийгиликтүү катышып, бир күмүш медаль, бир коло медаль жана Ардак грамотага ээ болду.

APOAI 2026нын жыйынтыгы боюнча төмөнкү окуучулар сыйланышты:

- Бишкек шаарындагы «Маариф» билим берүү комплексинин 10-классынын окуучусу Алымбеков Сабыр - күмүш медаль;

- Бишкек шаарындагы «Газпром Кыргызстан» мектебинин 10-классынын окуучусу Ян Бобрус - коло медаль;

- Кара-Балта шаарындагы №6 жалпы орто билим берүү мектебинин окуучусу Аруке Сулайманова - Ардак грамота.

Машыктыруучулар: Исхак Таджибаев, Матвей Низовский, Акниет Кенжегулов.
Жетекчилер: Артём Беляев, Ишматов Мамат.

Кыргызстандын курама командасынын олимпиадага катышуусу Кыргыз Республикасынын Спорттук программалоо федерациясынын колдоосу менен уюштурулду. Федерация улуттук команданы жасалма интеллект боюнча эл аралык мелдештерге даярдоо жана катышуусун камсыздоо иштерин жүргүзөт.

Жасалма интеллект боюнча Азия–Тынч океан олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи 2026-жылдын 5–6-августунда Астана шаарында өтөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар