ҮЧ ПРЕДМЕТ БОЮНЧА ЖАҢЫ МУУНДАГЫ ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК КОМПЛЕКСТЕРДИН МАЗМУНДУК НЕГИЗДЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

9 Июль 2026 ж. 17:36

Көрүлдү: 177

Бүгүн, 9-июлда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана министрликке караштуу «Окуу китеби» мамлекеттик мекемеси тарабынан кыргыз тили, география жана тарых предметтери боюнча жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстердин мазмундук негиздерине арналган тегерек стол өткөрүлдү.

post.title

Тегерек столдун жүрүшүндө катышуучулар мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарын, улуттук баалуулуктарды жана 12 жылдык билим берүү моделинин талаптарын эске алуу менен кыргыз тили, география жана тарых окуу предметтеринин мазмунун өркүндөтүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө, улуттук өзгөчөлүктү жана тарыхый эс тутумду сактоого, географиялык мазмунду актуалдаштырууга, окуу материалдарынын илимий негиздүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, окуучулардын функционалдык сабаттуулугун калыптандыруу, компетенттүүлүккө негизделген мамилени билим берүү процессине киргизүү жана заманбап талаптарга жооп берген окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгуу маселелери өзүнчө багыт катары каралды.

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева мамлекеттүүлүктү, улуттук баалуулуктарды жана өлкөнүн келечегин аныктаган өзөктүү үч предмет боюнча жаңы муундагы окуу китептерин даярдоо өзгөчө жоопкерчиликти талап кыларын белгиледи.

«Балдарга багытталган, жаратман жана өнүктүрүүчү окуу китептерин жаратышыбыз керек. Бүгүнкү окуучуларды эски ыкмадагы китептер менен кызыктыруу мүмкүн эмес. Ошондуктан жаңы окуу китептеринде санариптик технологияларды, анын ичинде QR-коддорду колдонуу аркылуу окуучулардын изденүү, талдоо, аналитикалык ой жүгүртүү жана туура чечим кабыл алуу жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө басым жасайбыз. Ар бир окуу китеби кылдат талданып, жогорку талаптардын негизинде даярдалат», – деди министр.

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев өз сөзүндө ар бир мамлекет үчүн, өзгөчө өткөөл мезгилдеги Кыргызстан үчүн, жаш муунга сапаттуу билим берүү, алардын улуттук иденттүүлүгүн калыптандыруу жана мекенчилдикке тарбиялоо өзгөчө маанилүү экенин белгиледи.

«Президент Садыр Жапаров белгилегендей, өлкөнүн келечеги билимдүү, улуттук баалуулуктарды сыйлаган жана дүйнөлүк атаандаштыкка жөндөмдүү жаш муунга байланыштуу. “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” урааныбыздын негизги мааниси да ушунда. Биздин жаштар Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошуп, өлкөнү дүйнөлүк деңгээлге алып чыгышы керек», — деди Койчиев.

Мамлекеттик катчы кыргыз тилин, тарыхты жана географияны окутуунун сапатын жогорулатуу, окуу китептерин өркүндөтүү, санариптик билим берүү ресурстарын кеңири колдонуу жана мугалимдердин кесиптик потенциалын үзгүлтүксүз өнүктүрүү билим берүү тармагынын артыкчылыктуу багыттары экенин белгиледи. Ошондой эле улуттук билим берүү системасы дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграцияланып, ошол эле учурда улуттук иденттүүлүктү бекемдөөгө кызмат кылышы керектигин баса белгиледи.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, министрдин орун басарлары, Улуттук статистика комитетинин Статистикалык изилдөөлөр жана квалификацияны жогорулатуу институтунун жетекчилиги, Улуттук илимдер академиясынын жетекчилиги жана өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрү, Геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекеменин өкүлдөрү, Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери,  тиешелүү мамлекеттик органдардын жана илимий мекемелердин өкүлдөрү, ошондой эле окуу китептеринин авторлору, эксперттер, методисттер жана өнөктөштөр катышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар