Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
9 Июль 2026 ж. 13:55
Көрүлдү: 188
Баткен облусунун Баткен районундагы Бото Нарматов атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинде капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Өлкө боюнча инновациялык макамга ээ болгон 53 мектептин катарына кирген бул билим берүү мекемеси жаңы окуу жылын заманбап шарттарда баштоого даярданууда.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан инновациялык мектептердин инфраструктурасын жаңылоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында мектептин окуу чөйрөсү заман талабына ылайык жаңыланып, окуучулар жана мугалимдер үчүн ыңгайлуу билим берүү чөйрөсү түзүлүүдө.
Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Олжобай Мажилимов мектептин инновациялык мектеп катары тандалышы райондогу билим берүү системасын өнүктүрүүгө чоң өбөлгө болорун белгиледи:
«Мектеп райондогу эң ири мектептердин бири болуп саналат. Бул жерде 1200дөн ашуун окуучу билим алат. Мугалимдер жамаатынын потенциалы жогору, педагогикалык курамы толук камсыз болгон. Мектеп район борборуна жакын жайгашкандыктан, инновациялык билим берүү тажрыйбасын башка мектептерге жайылтуу үчүн да ыңгайлуу мүмкүнчүлүк түзүлгөн».
Учурда STEM кабинеттерин, спорт залды, китепкананы, мугалимдер бөлмөсүн, фойени жана санитардык түйүндөрдү оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Ошондой эле мектептин сырткы фасады толугу менен жаңыланат.
Мектеп директору Рахманали Султанов жүргүзүлүп жаткан иштер жаңы окуу жылына чейин ийгиликтүү аяктай турганын билдирди:
«Бүгүнкү күндө билим берүүдө окуучунун жеке жөндөмүн өнүктүрүүгө, практикалык көндүмдөрүн калыптандырууга жана заман талабына ылайык компетенцияларды өздөштүрүүсүнө өзгөчө көңүл бурулууда. Ушул багытта инновациялык мектептер жаңы мамлекеттик билим берүү стандарттарын, заманбап окутуу технологияларын жана окуучуга багытталган усулдарды натыйжалуу ишке ашырып жатат.
Биз үчүн инновациялык мектеп макамын алуу чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик. Биздин жети кластердик мектебибиз бар жана алар менен биргеликте жаңы билим берүү демилгелерин ийгиликтүү ишке ашырып келебиз. Ал эми оңдоп-түзөө иштери пландалган графикте ишке ашырылууда. Жаңы окуу жылында окуучуларды жарык, заманбап жана бардык талаптарга жооп берген мектепте тосуп алабыз деп турабыз. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине көрсөтүлгөн колдоо үчүн терең ыраазычылык билдирем», — деди ал.
Инновациялык мектептерди жаңылоо иштери өлкөдө жүргүзүлүп жаткан билим берүү реформасынын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Заманбап билим берүү чөйрөсүн түзүү аркылуу окуучулардын сапаттуу билим алуусуна, STEM багытындагы көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана 12 жылдык билим берүү системасын ийгиликтүү ишке ашырууга шарт түзүлүүдө.