Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
9 Июль 2026 ж. 10:52
Көрүлдү: 75
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги социалдык тармактарда тараган мектеп окуучусунун сабалышы тууралуу төмөнкүлөрдү билдирет.
Аталган окуя 2026-жылдын 29-майында Жети-Өгүз районундагы жеке менчик “Кут Билим” окуу-тарбия комплексинде болгон.
Учурда бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан териштирүү иштери жүрүүдө. Ошондой эле окуучулардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан улам мурдагы директор кызматынан бошотулуп, учурда билим берүү уюмунда е жаңы директор иш алып барууда.