ЧОЛПОН-АТАДА ШКУга МҮЧӨ МАМЛЕКЕТТЕРИНИН ЖАШ ОКУМУШТУУЛАРЫНЫН ЭЛ АРАЛЫК ЛАГЕРИНИН АЧЫЛЫШ АЗЕМИ ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

6 Июль 2026 ж. 19:55

Көрүлдү: 133

Бүгүн, 6-июлда, Чолпон-Ата шаарындагы “Акылман” президенттик лицейинде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жаш окумуштуулары үчүн уюштурулган Эл аралык илимий-билим берүү лагеринин (SCO Young Scientists Camp 2026) расмий ачылыш аземи өттү.

post.title

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулган эл аралык лагерь Кытай, Россия Федерациясы, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан келген жаш окумуштууларды, окуучуларды, профессорлорду, илимий жетекчилерди жана билим берүү тармагынын өкүлдөрүн бириктирди.

Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти Бекмамат Жээнбаев катышты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев өз сөзүндө ШКУга мүчө мамлекеттерден келген таланттуу жаш окумуштууларды бириктирген мындай аянтчалар биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууга, илим аркылуу элдердин ортосундагы достукту жана өз ара ишенимди чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгиледи.

“Бүгүнкү күндө мамлекеттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү биринчи кезекте жаратылыш байлыктары менен эмес, адам капиталынын сапаты, билим деңгээли, инновациялык мүмкүнчүлүгү жана илимий потенциалы менен аныкталат”, – деп белгиледи Марлен Маматалиев.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жаш окумуштуулары үчүн эл аралык илимий-билим берүү лагери алгачкы жолу Кыргызстанда өтүп жаткандыгынын тарыхый мааниси чоң экендигин белгиледи.

“Илимдин чек арасы болбойт. Мындай эл аралык илимий-билим берүү лагеринин Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатышы өлкөбүз үчүн маанилүү окуя. Максатыбыз — жаш окумуштууларды бир аянтчага топтоп, алардын илимий кызматташтыгын кеңейтүүгө жана жаңы демилгелерди колдоого мүмкүнчүлүк түзүү”, – деди Улан Маматканов.

Белгилей кетсек, лагердин жүрүшүндө катышуучулар экологиялык химия, биомедицина, кайра жаралуучу энергетика, суу робототехникасы жана астроинформатика багыттары боюнча изилдөө иштерин жүргүзүшөт. Биргелешкен иштин жыйынтыгында 14 илимий макала даярдалып, алар ШКУга мүчө мамлекеттердин жаш окумуштууларынын илимий кызматташтыгынын жыйынтыгы катары жарыяланат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар