ШКУ: ТАЖИКСТАНДЫН 15 КИШИДЕН ТУРГАН ЖАШ ОКУМУШТУУЛАРЫНЫН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛДИ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

5 Июль 2026 ж. 14:16

Көрүлдү: 231

Бүгүн, 5-июлда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан ШКУга мүчө өлкөлөрдүн жаш окумуштуулары үчүн уюштурулуп жаткан Эл аралык илимий-билим берүү лагерине Тажикстан Республикасынын 15 кишиден турган делегациясы келди.

post.title

Конокторду «Манас» эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы Мелисбек Музулманов тосуп алды.

Эл аралык илимий-билим берүү лагери Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалыгынын алкагында өткөрүлүүдө. Программанын жүрүшүндө катышуучулар илимий багыттар боюнча командаларда иштеп, илимий сессияларга, топтук талкууларга, тимбилдинг иш-чараларына жана практикалык воркшопторго катышышат.

Лагерь ШКУга мүчө өлкөлөрдүн жаш окумуштууларынын жана мектеп окуучуларынын ортосунда тажрыйба алмашууга, илимий кызматташтыкты чыңдоого жана жаңы демилгелерди ишке ашырууга өбөлгө түзөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар