ШКУ: ӨЗБЕКСТАНДЫН ОКУУЧУЛАРЫ КЕЛДИ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

4 Июль 2026 ж. 18:30

Көрүлдү: 297

Бүгүн, 4-июлда, Агартуу министрлиги тарабынан ШКУга мүчө өлкөлөрдүн жаш окумуштуулары үчүн уюштурулуп жаткан Эл аралык илимий-билим берүү лагерине алгачкы делегация келди.

post.title

Өзбекстандан келген делегациянын курамында 15 окуучу жана 2 профессор бар.

Конокторду Манас аэропортунан Агартуу министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы Мелисбек Музулманов тосуп алып, лагердин программасы менен тааныштырып, катышуучуларга ийгиликтүү жана жемиштүү иш каалады.

Эл аралык илимий-билим берүү лагери ШКУга мүчө өлкөлөрдүн мектеп окуучуларынын тажрыйба алмашуусуна, илимий кызматташтыкты бекемдөөгө жана жаңы демилгелерди ишке ашырууга өбөлгө түзөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар