18 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДЕН 303 ОКУУЧУ ЖАЙКЫ ЛАГЕРДИН БИРИНЧИ АГЫМЫНДА ЭС АЛУУДА

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

3 Июль 2026 ж. 18:21

Көрүлдү: 44

Бүгүн, 3-июлда, Ысык-Көл облусунда кесиптик лицейлердин окуучулары үчүн 2026-жылдагы жайкы эс алуу жана ден соолукту чыңдоо лагеринин ачылыш аземи өттү.

post.title

Ачылыш аземинде кесиптик лицейлердин окуучулары ырдап, бийлеп, «Манас» эпосунан үзүндү айтып, концерттик программа тартуулашты. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын агартуу министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусеинова катышты.

Куттуктоо сөзүндө Айнура Кусеинова мындай лагерлер окуучулардын ден соолугун чыңдоо менен катар алардын ар кайсы аймактардан келген теңтуштары менен таанышып, достук мамиле түзүүсүнө жана пайдалуу убакыт өткөрүүсүнө жакшы мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.

Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылындагы №85 кесиптик лицейинин базасында жайгашкан «Келечек» эмгек жана эс алуу лагеринин биринчи агымына өлкөнүн 18 кесиптик лицейинен 303 окуучу катышууда. Жалпысынан лагерде төрт агым уюштурулуп, ар биринде окуучулар 10 күндөн эс алышат.

Лагерге өлкөнүн бардык аймактарындагы башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында билим алып жаткан социалдык жактан колдоого муктаж окуучулар катышууда.

Программанын алкагында ден соолукту чыңдоочу, спорттук, маданий жана чыгармачылык иш-чаралар, интеллектуалдык оюндар, эмгек практикасы, экскурсиялар жана өнүктүрүүчү тренингдер уюштурулат.

Жайкы эс алуу жана ден соолукту чыңдоо программасы Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин иш-чаралар планына ылайык жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте, окуучулардын коопсуздугун камсыздоо менен ишке ашырылууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар