КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУ ЭЛ АРАЛЫК КИБЕРКООПСУЗДУК ОЛИМПИАДАСЫНДА КОЛО МЕДАЛЬ ЖЕҢИП АЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

2 Июль 2026 ж. 17:16

Көрүлдү: 230

2026-жылдын 28-июнунан 5-июлуна чейин Тунис Республикасынын Хаммамет шаарында өткөн International Cybersecurity Olympiad (ICO 2026) эл аралык киберкоопсуздук олимпиадасында кыргызстандык окуучу Али Арапов коло медалга ээ болду.

post.title

Аталган олимпиадага дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн 70тен ашуун окуучу катышты.

Кыргызстандын курама командасынын жыйынтыктары:

  • Али Арапов — «Сейтек STEM» мектебинин 10-классынын окуучусу — коло медаль;
  • Аман Досалиев — Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 9-классынын окуучусу — катышуу сертификаты;
  • Арген Чурмуков — «Акылман» Президенттик лицейинин 10-классынын окуучусу — катышуу сертификаты;
  • Кадыр Мураталиев — «Сейтек STEM» мектебинин 11-классынын окуучусу — катышуу сертификаты.

Команданын жетекчиси — Аали Имран Кубанов.

Окуучуларды олимпиадага Аали Имран Кубанов, Эркин Кадыров, Атак Осконбаев, Дастан Жакыпбеков, Кылычбек Урайымов жана Артем Беляев даярдады.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар