ISPhO 2026: КЫРГЫЗСТАНДЫН ОКУУЧУЛАРЫ 1 КҮМҮШ ЖАНА 3 КОЛО МЕДАЛЬ ЖЕҢИП АЛЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

2 Июль 2026 ж. 11:02

Көрүлдү: 200

2026-жылдын 21–30-июнь күндөрү Россия Федерациясынын Москва физика-техникалык институтунда  4-чү Илимий-Физикалык Олимпиада – ISPhO 2026 өттү.

post.title

ISPhO  жогорку класстын окуучулары арасында изилдөөчү физика боюнча өткөрүлүүчү абройлуу эл аралык олимпиадалардын бири. Быйыл олимпиадага 30 өлкөдөн 148 мыкты окуучу катышып, татаал теориялык жана эксперименттик физикалык тапшырмаларды аткаруу боюнча күч сынашты.

Олимпиадада Кыргыз Республикасынын атынан 10 окуучу жана төрт жетекчиден турган команда катышты.

Мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы 1 күмүш, 3 коло медаль, ошондой эле 3 Ардак грамота жеңип алды.

🥈 Күмүш медаль:

Айтегин Эмилбеков - «Газпром Кыргызстан» мектебинин 11-классынын окуучусу.

🥉 Коло медалдар:

Темирхан Салиев - «Газпром Кыргызстан» мектебинин 11-классынын окуучусу;

Умар Туташбаев - «Газпром Кыргызстан» мектебинин 10-классынын окуучусу;

Ахмед Абылаев - «Сейтек-СТЕМ» мектебинин 11-классынын окуучусу.

🔖 Ардак грамоталар:

Истеми Тазабеков - «Сейтек-СТЕМ» мектебинин 9-классынын окуучусу;

Марсель Касымов - «Маариф» билим берүү комплексинин 10-классынын окуучусу;

Нурбол Мырзабеков - «Маариф» билим берүү комплексинин 10-классынын окуучусу.

Катышуучу сертификаттарына ээ болгондор:

Нурэл Эрмеков - Ж. Баатыр атындагы лицейдин 9-классынын окуучусу;

Ариетбек Асанбаев - №48 мектептин 8-классынын окуучусу;

Бактыбек Рашитов - М. Субакожоев атындагы лицейдин 11-классынын окуучусу.

Кыргызстандын курама командасын Салижан Кылычбеков, Андрей Сидоренко, Чынтемир Сабыров,  Эмир Анаралы уулу, Тургунбек Омурканов жана Алтынбек Алмурза уулу даярдашты.

Кыргызстандык окуучулардын ISPhO 2026 ийгиликтүү көрсөткүчтөрү алардын жогорку деңгээлдеги даярдыгын, машыктыруучулардын үзүрлүү эмгегин жана олимпиадалык кыймылды системалуу өнүктүрүүнүн натыйжалуулугун дагы бир жолу тастыктады.

Мындай эл аралык интеллектуалдык мелдештерге катышуу окуучулардын изилдөөчүлүк көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, илимий дараметин жогорулатууга жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим тармагындагы эл аралык аброюн чыңдоого өбөлгө түзөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар