«СЕКТОРДУ ӨНҮКТҮРҮҮ ДОЛБООРУ: МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ РЕФОРМАЛОО» ДОЛБООРУНУН БАЙКООЧУ КЕҢЕШИНИН ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

2 Июль 2026 ж. 9:42

Көрүлдү: 226

2026-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде «Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоорунун Байкоочу кеңешинин төртүнчү жыйыны болуп өттү.

post.title

Жыйын Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекованын жетекчилиги алдында өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшүн, Саясат матрицасынын экинчи траншында каралган иш-чаралардын аткарылышын, ошондой эле мектептик билим берүүнү реформалоонун негизги багыттары боюнча жетишилген аралык жыйынтыктарды карашты.

Өзгөчө көңүл педагогикалык кадрларды даярдоо системасын өркүндөтүүгө жана инновациялык мектептерди өнүктүрүүгө бурулду.

Мындан тышкары, жалпы билим берүү уюмдарында физика боюнча заманбап лабораториялык комплекттерди пайдаланууну методикалык жактан коштоо, окуу-усулдук бирикмелердин ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, ошондой эле мектептик билим берүүнүн максаттарын жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнө коюлган талаптар менен өз ара байланыштыруу боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары сунушталды.

Ошондой эле инновациялык мектептердин директорлорунун башкаруучулук компетенцияларын өнүктүрүүгө багытталган «Трансформациялык лидерлик жана жалпы билим берүү уюмдарын башкаруу» квалификацияны жогорулатуу курсу инновациялык мектептерде ийгиликтүү апробациядан өткөнү белгиленди. Жыйындын катышуучулары бул курсту Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту менен биргеликте кеңейтүүнү, анын мазмунуна финансылык башкаруу жана укуктук сабаттуулук боюнча темаларды кошууну сунушташты.

Жыйындын соңунда Байкоочу кеңештин мүчөлөрү Саясат матрицасынын экинчи траншынын аткарылышы жыйынтыктоочу баскычта экенин белгилешип, долбоорду мындан ары натыйжалуу ишке ашыруу боюнча сунуштарды кабыл алып, кийинки кадамдарды аныкташты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар