Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
1 Июль 2026 ж. 15:24
Көрүлдү: 94
Башталгыч кесиптик билим берүү системасында билим алып жаткан социалдык жактан аяр катмардагы окуучулар үчүн 2026-жылдагы жайкы эс алуу жана ден соолукту чыңдоо программасы башталды.
Бул жылы программа Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылындагы №85 кесиптик лицейинин базасында жайгашкан «Келечек» эмгек жана эс алуу лагеринде уюштурулууда.
Программага өлкөнүн бардык аймактарындагы башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында билим алып жаткан социалдык жактан колдоого муктаж окуучулар катышууда. Алардын катарына реабилитациялык топтордун окуучулары, ата-энесинин камкордугусуз калган балдар, майыптыгы бар окуучулар, ошондой эле турмуштук оор кырдаалда жашаган башка социалдык аяр категориядагы жаштар кирет.
Азыркы учурда республиканын 76 кесиптик лицейинен 1 293 окуучунун жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча өтүнмөлөр келип түштү.
Программанын негизги максаты – окуучулардын ден соолугун чыңдоо, сапаттуу эс алуусун камсыз кылуу, алардын социалдык адаптациясына көмөк көрсөтүү жана ар тараптуу өнүгүүсүнө жагымдуу шарт түзүү болуп саналат.
Жайкы эс алуу программасынын алкагында окуучулар үчүн ден соолукту чыңдоочу, спорттук, маданий жана чыгармачылык иш-чаралар, интеллектуалдык оюндар, эмгек практикасы, экскурсиялар жана ар кандай өнүктүрүүчү тренингдер уюштурулат.
Бул иш-чаралар жаштардын чыгармачылык дараметин, лидерлик сапаттарын, кесиптик көндүмдөрүн жана командада иштөө жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Ошондой эле катышуучулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды камсыз кылууга, сергек жашоо образын жайылтууга, мекенчилдикке, эмгекчилдикке жана өз ара сый-урматка тарбиялоого өзгөчө көңүл бурулат.
Жайкы эс алуу жана ден соолукту чыңдоо программасы Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин иш-чаралар планына ылайык жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылууда.