КЫРГЫЗСТАНДЫН КУРАМА КОМАНДАСЫ БАЛКАН ФИЗИКА ОЛИМПИАДАСЫНДА 4 КОЛО МЕДАЛЬ ЖЕҢИП АЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

1 Июль 2026 ж. 13:46

Көрүлдү: 93

Кыргызстандын окуучулары 27–30-июнь күндөрү Стамбул шаарында өткөн 8-Балкан физика олимпиадасында (Balkan Physics Olympiad, BPO 2026) 4 коло медаль жеңип алышты.

post.title

Улуттук курама команданын төрт мүчөсү тең эл аралык интеллектуалдык мелдеште байге ээлери болуп, коло медаль алышты.

Катышуучулардын жыйынтыгы:

  • Марсель Касымов — коло медаль, «Маариф» билим берүү комплексинин 10-классынын окуучусу;
  • Нурбол Мырзабеков — коло медаль, «Маариф» билим берүү комплексинин 10-классынын окуучусу;
  • Умар Туташбаев — коло медаль, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 10-классынын окуучусу.
    Машыктыруучулар: Андрей Сидоренко, Тургунбек Өмүрканов;
  • Истеми Тазабеков — коло медаль, «Сейтек-СТЕМ» мектебинин 9-классынын окуучусу.
    Машыктыруучулар: Салижан Кылычбеков, Дүйшөн Сатыбалдиев.

Команданын жетекчиси — Тургунбек Өмүрканов.

Бул медалдар Кыргыз Республикасынын Балкан физика олимпиадасына катышуу тарыхындагы алгачкы сыйлыктар болду. Олимпиадага 13 өлкөдөн 51 окуучу катышып, физика боюнча татаал теориялык маселелерди чечүү боюнча таймашышты.

Балкан физика олимпиадасы мектеп окуучулары үчүн өткөрүлүүчү абройлуу эл аралык интеллектуалдык мелдештердин бири болуп саналат. Ал физикага кызыккан таланттуу жаштарды аныктоого жана колдоого, табигый илимдер жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар