Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
1 Июль 2026 ж. 12:15
Көрүлдү: 84
2026-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде министрдин орун басары Альберт Махметкулов БУУнун Башкы катчысынын жол кыймылынын коопсуздугу боюнча атайын өкүлү Жан Тодт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууда дүйнөлүк жана улуттук деңгээлдеги жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле балдар менен жаштар арасында жолдо коопсуз жүрүм-турум маданиятын калыптандыруу боюнча кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды.
Альберт Махметкулов балдардын коопсуздугу билим берүү тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, окуучуларды жол кыймылынын эрежелерине үйрөтүүгө багытталган билим берүү жана агартуу демилгелерин өнүктүрүүнүн маанисине токтолду.
Жолугушуунун жүрүшүндө жол кыймылынын коопсуздугу жаатындагы жаштардын жана коомдук демилгелерди өнүктүрүү, БУУ менен JCDecaux компаниясынын жол кыймылынын коопсуздугу боюнча глобалдык өнөктүгүн ишке ашыруу, коопсуз жана жеткиликтүү мотошлемдер менен камсыз кылуу демилгеси, ошондой эле 2026-жылдын 20–21-июлунда Нью-Йорк шаарында өтө турган Жол кыймылынын глобалдык коопсуздугу боюнча жогорку деңгээлдеги конференцияга Кыргыз Республикасынын катышуусу талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу жана балдар менен жаштар арасында коопсуз жүрүм-турум маданиятын жайылтуу боюнча кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырасташты.