КЫРГЫЗСТАН БИЛИМ БЕРҮҮ САЯСАТЫНДА ИЛИМИЙ ДАЛИЛДЕРДИ КОЛДОНУУ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК СЕМИНАРГА КАТЫШУУДА

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

30 Июнь 2026 ж. 18:49

Көрүлдү: 61

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин өкүлдөрү 2026-жылдын 29-июнунан 2-июлуна чейин Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасынын Аддис-Абеба шаарында билим берүү саясатын иштеп чыгууда жана пландаштырууда илимий маалыматтарды жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын пайдаланууга арналган эл аралык семинарга катышууда.

post.title

Кыргыз Республикасын Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин өкүлдөрү Бактыгүл Шамшидинова жана Рыскүл Маданбекова өкүлчүлүк кылууда. Алардын катышуусу Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн (Global Partnership for Education, GPE) Knowledge and Innovation Exchange (KIX) программасынын алкагында уюштурулган.

Семинарга дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн билим берүү саясаты жаатында иш алып барган 40ка жакын адис, мамлекеттик органдардын, жогорку окуу жайлардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Иш-чаранын негизги максаты - билим берүү саясатын иштеп чыгууда жана ишке ашырууда илимий негизделген ыкмаларды жана далилдүү маалыматтарды колдонуу боюнча адистердин потенциалын чыңдоо. Семинардын жүрүшүндө катышуучулар башкаруучулук чечимдерди кабыл алууда илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын пайдалануу боюнча эл аралык тажрыйба менен таанышып, билим берүүнү стратегиялык пландаштыруу жаатындагы мыкты тажрыйбалар менен бөлүшүп, мамлекеттик билим берүү саясатын иштеп чыгуу процессине изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын натыйжалуу интеграциялоо механизмдерин талкуулашат.

Департаменттин өкүлдөрүнүн аталган семинарга катышуусу эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө, билим берүү тармагындагы адистердин кесиптик потенциалын жогорулатууга жана маалыматтарга жана илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына негизделген билим берүү саясатын калыптандыруунун заманбап ыкмаларын жайылтууга өбөлгө түзөт.

Семинарда алынган билимдер жана сунуштар Кыргыз Республикасында билим берүүнүн сапатын башкаруу механизмдерин өркүндөтүүдө жана далилдүү маалыматтарга негизделген чечим кабыл алуу системасын өнүктүрүүдө колдонулат.

Маалымат үчүн: Семинарды АКШдагы Колумбия университетинин Педагогикалык колледжи, Эл аралык өнүктүрүүнү изилдөө борбору (IDRC, Канада) жана NORRAG уюштурууда. Ал эми ЮНЕСКОнун Африкадагы потенциалды өнүктүрүү боюнча эл аралык институту (UNESCO IICBA) иш-чаранын биргелешкен уюштуруучусу болуп саналат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар