№100 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИНДЕ КҮН ПАНЕЛДЕРИН ОРНОТУУ БОЮНЧА АДИСТЕР КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ЭКЗАМЕН ТАПШЫРЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

30 Июнь 2026 ж. 18:42

Көрүлдү: 42

№100 кесиптик лицейинде “Күн панелдерин орнотуучу жана монтаждоочу” кесиби боюнча үч айлык кыска мөөнөттүү окуу программасын аяктаган угуучулар жыйынтыктоочу квалификациялык экзамен тапшырышты.

post.title

Экзамендин жүрүшүндө катышуучулар күн фотоэлектрдик панелдерин монтаждоо, электрдик туташтырууларды жүргүзүү, жабдууларды тестирлөө жана техникалык коопсуздук талаптарын сактоо боюнча теориялык билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн көрсөтүштү.

Белгилей кетсек, окуу программасына энергетика тармагында, анын ичинде гидроэлектр станцияларында эмгектенип жаткан адистер да катышты. Бул кайра жаралуучу энергия булактары боюнча квалификацияны жогорулатууга болгон кызыгуу өсүп жатканын айгинелейт.

Күн энергетикасы өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоодо жана жашыл экономиканы өнүктүрүүдө артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Буга байланыштуу лицей эмгек рыногунун талаптарына жооп берген адистерди даярдоону улантып, теориялык билимди практикалык окутуу менен айкалыштырган программаларды ишке ашырууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар