Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
29 Июнь 2026 ж. 12:06
Көрүлдү: 1121
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин жамааты агартуу министри Догдуркүл Кендирбаевага кайын атасы, Жети-Өгүз районунун Ардактуу атуулу, мал чарба тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошкон Койчуман Мокешовдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Койчуман Мокешов көп жылдар бою Кыргыз ССРинин, кийин эгемендүү Кыргыз Республикасынын мал чарба тармагын өнүктүрүүгө үзүрлүү эмгек сиңирген. Ал 90 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.