КЫРГЫЗСТАНДЫН ТЕМИР ЖОЛ БОЮНЧА КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ ИШ САПАРЫ МЕНЕН КЫТАЙДА

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

26 Июнь 2026 ж. 22:17

Көрүлдү: 269

2026-жылдын 24–29-июнунда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борбордун директору Акпаралы Карабаев, №97 темир жолчулар кесиптик лицейинин директору Альберт Колопов жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине караштуу Бишкек техникалык колледжинин директору Касымбек Келебаевден турган Кыргызстандын делегациясы Кытай Эл Республикасында иш сапары менен жүрөт.

post.title

 

Иш сапардын алкагында кыргыз делегациясынын өкүлдөрү Кытайдын кесиптик билим берүү мекемелерине барып, Хунань провинциясындагы жогорку ылдамдыктагы темир жол тармагы үчүн адистерди даярдоо системасы, заманбап окуу-өндүрүштүк комплекстер жана практикалык окутуу базалары менен таанышууда.

Мындан тышкары, делегация билим берүү программаларын иштеп чыгууга жана темир жол тармагы үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоого арналган тематикалык семинарга катышты.

Иш сапардын негизги максаты – тажрыйба алмашуу, алдыңкы билим берүү практикаларын үйрөнүү жана темир жол тармагы үчүн адистерди даярдоо жаатында Кыргызстандын жана Кытайдын кесиптик билим берүү уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар