ЖРТ-2026: III ЭТАБЫНАН ДАГЫ БИР «АЛТЫН СЕРТИФИКАТ» ЭЭСИ АНЫКТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

26 Июнь 2026 ж. 18:09

Көрүлдү: 377

Бүгүн, 26-июнда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаевага 2026-жылдын 19–21-июнунда Бишкек жана Ош шаарларында өткөн Жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) III этабынын жыйынтыгы тууралуу маалымат берилди.

post.title

Жыйынтыктарды Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева министрге жабык конвертте тапшырды.

Ага ылайык, ЖРТнын III этабынын жыйынтыгы боюнча 50 эң жогорку көрсөткүчкө ээ болгон абитуриенттердин тизмеси дагы бир абитуриент менен толукталды.

Жалал-Абад облусунун Манас шаарындагы

Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад балдар лицейинин бүтүрүүчүсү Санжар Садирбеков 235 упай топтоп, «Алтын сертификатка» ээ болду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар