Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
26 Июнь 2026 ж. 18:08
Көрүлдү: 154
2026-жылдын 25–26-июнунда Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарында өтүп жаткан «Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн өндүрүш, билим берүү, илимий изилдөө жана практикалык колдонуу боюнча кызматташтык – 2026» аттуу конференцияга Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова катышууда.
Аталган конференция 2025-жылдын 17-июнунда Астана шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринин катышуусунда өткөн «Кытай – Борбор Азия» форматындагы Экинчи саммиттин жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды, ошондой эле Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн билим берүү министрлеринин биринчи кеңешмесинин чечимдерин ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө.
Конференция жетишилген макулдашууларды практикалык деңгээлде ишке ашыруунун механизмдеринин бири болуп саналат жана билим берүү менен кадрларды даярдоо тармактарында Кытай менен Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган