БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНӨ МАМЛЕКЕТТИК ҮЛГҮДӨГҮ ДОКУМЕНТТЕР ТАПШЫРЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

26 Июнь 2026 ж. 14:06

Көрүлдү: 161

Бүгүн, 26-июнда, республика боюнча бардык жалпы билим берүү уюмдарында 9- жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү документтери — негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк жана орто жалпы билим жөнүндө аттестаттар тапшырылды.

post.title

Быйыл өлкө боюнча 11-классты 80 миңден ашуун, ал эми 9-классты 136 миңден ашуун окуучу аяктады. Алардын ичинен 11-класстын 4089 бүтүрүүчүсү жана 9-класстын 5694 бүтүрүүчүсү артыкчылык тууралуу документке ээ болду.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин талаптарына ылайык, менчигинин түрүнө жана статусуна карабастан, республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине мамлекеттик үлгүдөгү билим берүү документтерин тапшыруу аземинен тышкары кошумча иш-чараларды уюштурууга тыюу салынган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар