Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
24 Июнь 2026 ж. 14:17
Көрүлдү: 322
Кыргызстандын курама командасы өспүрүмдөр арасындагы 30-балкан математикалык олимпиадасында (Junior Balkan Mathematical Olympiad, JBMO) 2 коло медаль жана 1 ардак грамота жеңип алды.
Аталган олимпиада 2026-жылдын 15–20-июнь күндөрү Румыниянын Бузэу шаарында өтүп, ага 23 өлкөдөн 138 окуучу катышты.
Олимпиаданын жыйынтыгында:
Ошондой эле Кыргызстандын курама командасынын курамында төмөнкү окуучулар катышты:
Команданын жетекчилери — Эрлан Молдошев жана Бактияр Сарчаев, ал эми машыктыруучулары — Мамат Ишматов жана Бекжол Жолдубай уулу.
Улуттук курама команданын курамы мектеп окуучуларынын улуттук олимпиадасынын жана Эйлер атындагы олимпиаданын жыйынтыктарынын негизинде түзүлгөн.
Өспүрүмдөр арасындагы Балкан математикалык олимпиадасы 1997-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. Кыргыз Республикасы бул олимпиадага 2015-жылдан тартып катышып келет.