Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
22 Июнь 2026 ж. 17:25
Көрүлдү: 682
Жогорку Кеңештин жыйынында айтылган 282 миллион сом өлчөмүндөгү ченемден ашык эмгек акы төлөө тууралуу маалымат боюнча «Номад ТВ» телеканалынан келип түшкөн сурамга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги төмөнкүлөрдү билдирет.
Отчётто көрсөтүлгөн маалыматтар 2023-жылга тиешелүү. 2023-жылы билим берүү тармагын үч министр жетектеген: Уланбек Мамбетакунов (07.10.2022–24.02.2023), Каныбек Иманалиев (06.03.2023–07.09.2023) жана 2023-жылдын октябрь айында министрлик кызматка Догдуркүл Кендирбаева киришкен.
Ошондой эле 282 млн сомдун ичинен болжол менен 216 млн сому 2025-жылы Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин карамагына өткөрүлгөн орто кесиптик жана жогорку билим берүү уюмдарына туура келет.
Аныкталган мыйзам бузуулардын негизги бөлүгү жер-жерлердеги билим берүү уюмдарынын бухгалтердик жана кадрдык кызматтары тарабынан айрым ченемдик укуктук актылардын талаптарын туура эмес колдонууга байланыштуу. Ошол эле учурда бюджеттик каражаттарды уурдоо фактылары аныкталган эмес.
Министрлик ошондой эле борбордук аппараттын кызматкерлеринин эмгек акысы мыйзам бузууларсыз, пландаштырылган көлөмдө жана мыйзамдардын талаптарына ылайык төлөнөрүн белгилейт.
Мында бюджеттик каражаттарды уурдоо фактылары аныкталган эмес.
Жыл сайын Финансы министрлиги менен Энергетика министрлиги тарабынан электр энергиясын керектөө чектөөлөрү (лимит) бекитилип, Агартуу министрлиги аркылуу билим берүү уюмдарына жеткирилет.
Белгиленген чектөөлөрдүн айрым учурларда ашып кетиши билим берүү мекемелеринин жетекчилери тарабынан кабыл алынган чечимдерге жана билим берүү ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу болуп, электр энергиясын керектөөнүн көбөйүшүнө алып келет.
Агартуу министрлиги билим берүү уюмдарынын реалдуу муктаждыктарын эске алуу менен электр энергиясына карата чектөөлөрдү жана бул багыттагы чыгымдарды каржылоонун көлөмүн көбөйтүү боюнча туруктуу негизде иштерди жүргүзүп келет.
Айрым ЖМК өкүлдөрүн жалпыланган жана бир тараптуу маалыматтарды таратпоого чакырабыз. Жогоруда келтирилген түшүндүрмөлөрдө Эсеп палатасынын 2023-жылдагы отчетунда көрсөтүлгөн маселелер боюнча толук маалымат берилди.
«Келечек үчүн билим берүү» долбоору: Кыргыз Республикасында билим берүүнү модернизациялоонун жана педагогдордун кесиптик потенциалын өнүктүрүүнүн жыйынтыктары
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги бул пресс-релиз аркылуу Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылган «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун ийгиликтүү жыйынтыктары тууралуу маалымдайт.
Долбоор билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, мектептердин санариптик инфраструктурасын өнүктүрүүгө, педагогдордун кесиптик компетенцияларын бекемдөөгө жана өлкө боюнча балдарды окутуу үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган.
Педагогдордун квалификациясын жогорулатуунун масштабдуу программасы
Долбоордун негизги жыйынтыктарынын бири болуп 12–13 ай аралыгында 60 миңден ашуун мугалимди жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогдорун окутуу саналат. Бул көрсөткүч баштапкы планда каралган 58 миң адамдык көрсөткүчтөн жогору аткарылды.
Дүйнөлүк банктын Эстелик жазмасында (Памятная записка) кыска мөөнөттөргө жана окутууга катышуучу мугалимдердин көп санына байланыштуу окутууларды өткөрүү үчүн компанияларды тартуу зарылдыгы, ошондой эле окутуу иш-чараларын ишке ашыруу механизмдери каралган.
Мугалимдерди окутуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (ал кезде министр Каныбек Иманалиев болгон) менен Дүйнөлүк банктын ортосунда биргелешип кабыл алынган чечимдин негизинде, ошондой эле 2021-жылдын 21–28-июнунда өткөрүлгөн миссиянын макулдашылган Эстелик жазмасына ылайык жүргүзүлгөн.
Долбоордун алкагында:
Катышуучулардын 96 пайыздан ашыгы окууну ийгиликтүү аяктап, белгиленген үлгүдөгү сертификаттарга ээ болушкан. Жыйынтыктардын туруктуулугун камсыз кылуу максатында бардык иштелип чыккан курстар санариптик форматка өткөрүлүп, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун билим берүү платформасына жайгаштырылган.
Заманбап билим берүү программалары жана санариптик чечимдер
Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө инновациялык педагогикалык технологиялар, STEM-билим берүү, коррекциялык окуу жана санариптик сабаттуулук боюнча жаңы окуу модулдары иштелип чыккан. Масштабдуу окутуу өлкөдөгү 1200 пилоттук мектептин педагогдорун камтып, биринчи жолу гибриддик форматта өткөрүлгөн.
Педагогдордун санариптик компетенцияларын өнүктүрүүгө, заманбап билим берүү технологияларын киргизүүгө, окуучулардын функционалдык сабаттуулугун калыптандырууга жана окуу процессинде санариптик инструменттерди колдонууга өзгөчө көңүл бурулган. Бул өз кезегинде мугалимдердин PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнө даярдыгын күчөтүүгө көмөк көрсөткөн. Окутуулар боюнча оң гана пикирлер келип түшүп, алардын натыйжалуулугу масштабдуу изилдөөлөрдүн жыйынтыктары менен тастыкталган.
Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту жана өнөктөштөр менен кызматташтык
Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту долбоордун негизги өнөктөшү катары эксперттик колдоо көрсөтүп, аралыктан окутуу үчүн LMS-платформасын камсыздап, онлайн иш-чараларды техникалык жактан коштоп жана педагогдорду сертификаттоону уюштурган.
Масштабдуу окутууларды уюштуруу Агартуу министрлигинин, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун, билим берүүнү башкаруунун аймактык органдарынын, билим берүү уюмдарынын жана Дүйнөлүк банктын жол-жоболоруна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тандалган кызмат көрсөтүүчү компаниялардын тыгыз кызматташуусунун натыйжасында мүмкүн болду.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги долбоорду ишке ашыруу мөөнөттөрүнүн чектелүү болгонуна карабастан, анын жыйынтыктары билим берүү чөйрөсүн модернизациялоо, педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана заманбап билим берүү технологияларына жеткиликтүүлүктү кеңейтүү боюнча коюлган амбициялуу максаттардын олуттуу бөлүгүнө жетишилгенин көрсөтөрүн белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетуна байланыштуу министрлик тарабынан Эсептөө палатасынын натыйжасыздык жөнүндө жүйөлөрү негизсиз экенин көрсөткөн документтер менен тастыкталган каршы пикирлер бир нече жолу жөнөтүлгөн. Анткени 2020-жылы ратификацияланган Каржылык макулдашууда белгиленген максаттар жана милдеттер ийгиликтүү ишке ашырылган.
Башкы прокуратурага жолдонгон кайрылууга жооп катары бардык маселелерди сотко чейинки тартипте жөнгө салуу сунушталган.
Ошол эле учурда министрлик мониторинг жүргүзүү механизмдерин өркүндөтүү, билим берүү инфраструктурасын коштоо жана өлкө мектептеринде санариптик билим берүү чөйрөсүн мындан ары өнүктүрүү боюнча иштерин улантууда.