МИНИСТРЛИК БИЛДИРЕТ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

22 Июнь 2026 ж. 14:38

Көрүлдү: 567

Жогорку Кеңештин жыйынында кесиптик лицейлерди Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин карамагына өткөрүү зарылдыгы тууралуу айтылган пикирге байланыштуу Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги төмөнкүлөрдү белгилөөнү зарыл деп эсептейт.

post.title

Баштапкы кесиптик билим берүү системасы мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин карамагында болуп саналат жана өлкөнүн экономикасы үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоого багытталган мамлекеттик саясаттын маанилүү бөлүгү болуп эсептелет.

Өзүнө жүктөлгөн функцияларга ылайык, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги мектепке чейинки, жалпы орто, баштапкы кесиптик жана кошумча билим берүү чөйрөлөрүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыздайт. Ошондой эле жарандардын ийгиликтүү эмгек ишмердүүлүгү жана коомго ыңгайлашуусу үчүн зарыл болгон негизги, кесиптик жана турмуштук компетенцияларды калыптандырууга жооп берет.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жогорку билим берүү, илим, илимий-техникалык жана инновациялык ишмердүүлүк чөйрөлөрүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырат. Демек, билим берүүнү башкаруунун учурдагы системасы билим берүүнүн ар бир деңгээлинин өзгөчөлүктөрүн, максаттарын жана милдеттерин эске алуу менен түзүлгөн.

Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан баштапкы кесиптик билим берүү системасын модернизациялоо боюнча ырааттуу иштер жүргүзүлүп келет. Эмгек рыногунун талаптарына ылайык билим берүү программалары жаңыланып, дуалдык окутуу өнүктүрүлүүдө, иш берүүчүлөр жана эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтык чыңдалууда, заманбап билим берүү технологиялары жана адистерди даярдоодогу компетенттүүлүккө негизделген мамиле киргизилүүдө.

Жалпы билим берүүнүн 12 жылдык системасына өтүү шартында өзгөчө кесиптик билим берүүнүн мааниси жогорулайт. Жүргүзүлүп жаткан реформа кесипке багыт берүү иштерин күчөтүүнү, окуучулардын практикалык көндүмдөрдү жана алгачкы кесипти алуусу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнү, ошондой эле ийкемдүү билим берүү траекторияларын калыптандырууну карайт.

Кесиптик лицейлер үзгүлтүксүз билим берүүнүн бирдиктүү системасынын маанилүү звеносуна айланып, эмгек рыногунун талаптарына жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктарына ылайык суроо-талапка ээ болгон жумушчу кадрларды даярдоону камсыздап келет.

Ошол эле учурда билим берүү системасын башкарууну өркүндөтүү маселелери комплекстүү жана тең салмактуу мамилени талап кылат. Ар кандай түзүмдүк өзгөртүүлөр алардын натыйжалуулугун кылдат талдоонун негизинде жүргүзүлүп, билим алуучулардын, педагогдордун, иш берүүчүлөрдүн жана региондордун кызыкчылыктарын эске алышы, ошондой эле негизги максат — кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатууга багытталышы керек.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги кесиптик билим берүүнү мындан ары өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди конструктивдүү талкуулоого ачык. Ошол эле учурда министрлик системанын натыйжалуулугун жогорулатуунун негизги факторлору болуп билим берүүнүн мазмунун өркүндөтүү, заманбап инфраструктураны өнүктүрүү, кадрдык потенциалды чыңдоо жана иш берүүчүлөр менен кызматташтыкты кеңейтүү эсептелерине ишенет.

Негизги милдет болуп Кыргыз Республикасынын жарандарынын, эмгек рыногунун жана экономиканын муктаждыктарына жооп берген жеткиликтүү, сапаттуу жана заманбап кесиптик билим берүүнү камсыз кылуу саналат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар