Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
19 Июнь 2026 ж. 17:04
Көрүлдү: 98
Бүгүн, 19-июнда, Улуттук аккредитациялык кеңештин кезектеги жыйыны агартуу министринин орун басары Альберт Махметкуловдун төрагалыгы алдында болуп өттү.
Жыйында билим берүү уюмдарынын сапаты жана аккредитациялык агенттиктердин ишмердүүлүгү каралып, бир катар чечимдер кабыл алынды.
Тактап айтканда, белгиленген талаптарга шайкеш келбегендигине байланыштуу «ИЛИМ-САПАТ» Аккредитациялоо борбору» коомдук фондун аккредитациялык агенттик катары таануудан баш тартуу чечими кабыл алынды.
Ошондой эле мурда аныкталган кемчиликтерди толугу менен четтеткендигине байланыштуу «Эл баасы» аккредитациялык агенттиги мекемесинин таануу макамын калыбына келтирүү жана аны тиешелүү реестрге киргизүү чечими кабыл алынды. Буга кошумча агенттикке аккредитациялоо иштерин мыйзам талаптарына ылайык жана сапаттуу жүргүзүү милдети жүктөлдү.
Мындан сырткары, башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын аккредитациялык документтерине жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгында бир катар кемчиликтер аныкталды. Буга байланыштуу тиешелүү кесиптик лицейлердин жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо сунушталды.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги билим берүү тармагындагы аккредитациялоо процесстеринин ачыктыгын, объективдүүлүгүн жана мыйзамдуулукту камсыздоону башкы артыкчылык катары белгилейт.