Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
19 Июнь 2026 ж. 15:08
Көрүлдү: 93
Бүгүн, 19-июнда, «Дүйнөлүк цивилизациялык жол: келечекке бирге» темасындагы «Ысык-Көл форуму – 40» эл аралык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев ICESCO уюмунун башкы директору доктор Салем бин Мухаммед Аль-Малик менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен ICESCO уюмунун билим берүү, маданият, илим жана адамдык потенциалды өнүктүрүү багыттарындагы кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Өнөктөштүктү мындан ары кеңейтүүгө жана инновацияларды, туруктуу өнүгүүнү жана маданияттар аралык диалогду колдоого багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өз ара кызыкдар экендигин ырасташты.
Билим берүү тармагында жасалма интеллект жана келечектин кесиптери үчүн кадрларды даярдоо боюнча долбоорлордо кызматташуунун келечегине өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз тарап жасалма интеллект, робототехника, маалыматтарды талдоо жана жаңы экономиканын башка талап кылынган багыттары боюнча компетенцияларды өнүктүрүүгө багытталган инновациялык билим берүү кластерин түзүү концепциясын тааныштырды.
Мындан тышкары тараптар жаштардын чыгармачылык жана илимий потенциалын өнүктүрүүгө, инновациялык ой жүгүртүүнү колдоого жана адистерди даярдоонун сапатын жогорулатууга багытталган STEAM-билим берүү жана маалыматтык технологиялар тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө берилгендигин ырастап, билим берүү, маданият, инновация жана туруктуу өнүгүү тармактарындагы биргелешкен долбоорлор аркылуу өз ара аракеттенүүнү жаңы деңгээлге чыгарууга даяр экендиктерин билдиришти. Ошондой эле адамдык потенциалды өнүктүрүү, билимди жайылтуу жана гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо жаатындагы жалпы максаттарга жетүү үчүн күч-аракеттерди бириктирүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.