Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
19 Июнь 2026 ж. 14:46
Көрүлдү: 119
Бүгүн, 19-июнда, Кыргыз Республикасынын агартуу министрлигинин орун басары Альберт Махметкуловдун катышуусунда башталгыч кесиптик жана балдарга кошумча билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү боюнча конкурстук тандоонун жаңы тартибине арналган онлайн жыйын өттү.
Жыйынга райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, башталгыч кесиптик жана балдарга кошумча билим берүү уюмдарынын жетекчилери катышты.
Министрдин орун басары Альберт Махметкулов жаңы жобого ылайык конкурстук тандоо толугу менен санариптик форматка өткөрүлүп, буга чейин колдонулуп келген аңгемелешүү этабы жоюлганын билдирди.
Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин директору Бактыгүл Шамшидинова конкурсту уюштуруу жана өткөрүү иштерин департамент жүргүзөрүн маалымдап, талапкерлер тарабынан берилүүчү документтердин толуктугун жана тууралыгын алдын ала текшерүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.
Анын айтымында, документтер «Мугалим» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу кабыл алынат. Департамент документтер келип түшкөн күндөн тартып 10 жумуш күнүнө чейинки мөөнөттө алардын белгиленген талаптарга ылайыктыгын текшерет.
Талапкердин документтери квалификациялык талаптарга ылайык деп табылган учурда анын «Мугалим» автоматташтырылган маалыматтык системасындагы жеке кабинетине тестирлөөнүн датасы жана убактысы автоматтык түрдө жөнөтүлөт.
Ал эми министрликтин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусеинова талапкерлерге талапкерлерге коюлуучу квалификкациялык талаптар тууралуу айтып берди.
Өз кезегинде Санариптик трансформация бөлүмүнүн башчысы Гулиза Кочорбаева «Мугалим» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу конкурска катышуу үчүн электрондук өтүнмө берүүнүн жол-жобосун көрсөтүп берди.
Белгилей кетсек, талапкер конкурска катышууга өтүнмө берүү учурунда тестирлөөнү кайсы шаарда (Бишкек же Ош) тапшырарын өзү тандайт.