Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
19 Июнь 2026 ж. 10:35
Көрүлдү: 155
2026-жылдын 18-июнунда Каракол шаарындагы Балдардын туристтик базасында «Ак-Суу» республикалык инновациялык туристтик кесиптик лицейи Ысык-Көл облусунун кесиптик лицейлеринин окуучулары арасында «Жаш турист – 2026» облустук туристтик слёт-мелдешин өткөрдү.
Иш-чарага Ысык-Көл облусундагы №2, №14, №55 жана №82 кесиптик лицейлердин командалары катышып, жалпысынан 25 окуучу күч сынашты.
Мелдеш 7 этаптан туруп, анда окуучулар алгач командаларынын визиттик карточкаларын тааныштырышып, андан соң туристтик тоскоолдуктар тилкесинен өтүштү. Ошондой эле жер кыртышында багыт алуу, туристтик түйүндөрдү байлоо, биринчи медициналык жардам көрсөтүү, экологиялык сынак жана туристтик турмуш боюнча тапшырмаларды аткарышты.
Слёт-мелдештин негизги максаты – жаштар арасында активдүү туризмди, сергек жашоо образын, экологиялык маданиятты жана туристтик тармактагы кесиптерди жайылтуу.
Мындай иш-чаралар жаштарды мекенчилдикке тарбиялоого, жаратылышка аяр мамиле жасоого жана сергек жашоо образын карманууга үндөп, алардын ар тараптуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.
Белгилей кетсек, «Ак-Суу» республикалык инновациялык туристтик кесиптик лицейи 2026–2027-окуу жылы үчүн абитуриенттерди кабыл ала баштайт.