Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
19 Июнь 2026 ж. 10:03
Көрүлдү: 133
2026-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин төрагалыгы алдында «жашыл» көндүмдөрдү өнүктүрүү жана «жашыл» көндүмдөрдү билим берүү системасына интеграциялоо маселелерине арналган ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи жыйыны өттү.
Иш-чара техникалык семинар форматында өткөрүлүп, ага мамлекеттик органдардын, билим берүү уюмдарынын, жеке сектордун жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын катышуучулары улуттук стратегиялардын, окуу программаларынын жана билим берүү материалдарынын өлкөнүн климаттык милдеттенмелерине жана экономиканын «жашыл» компетенцияларга болгон муктаждыктарына шайкештиги боюнча жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыктарын карап чыгышты. Өзгөчө көңүл эмгек рыногу, билим берүү системасы жана туруктуу өнүктүрүү процесстери ортосундагы өз ара байланышка, ошондой эле "жашыл" көндүмдөрдү жана билим берүү саясатына жана кадрларды даярдоого адилеттүү өтүү принциптерин интеграциялоого практикалык мамилелерге бурулду.
Агартуу министрлигинин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусеинованын айтымында: «Семинардын алкагындагы талкуулар катышуучуларга климаттын өзгөрүшүнүн социалдык аспектилерин жана билим берүү системасынын туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуудагы жана татыктуу жумуш орундарын түзүүдөгү ролун тереңирээк түшүнүүгө мүмкүндүк берди. Айрым сессиялар Кыргыз Республикасынын улуттук өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ылайыкташтырууга мүмкүн болгон эл аралык тажрыйба жана алдыңкы практикалар менен бөлүшүүгө арналды».
Иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгү ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрүнүн «жашыл» өсүштүн принциптерин эске алуу менен кесиптик-техникалык жана жогорку билим берүү системасын андан ары өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык максаттардын алдын ала тизмесин иштеп чыгуу боюнча биргелешкен ишине арналды. Жыйынтыктар билим берүү жана иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү улуттук саясаттарды жана стратегияларды мындан ары иштеп чыгууга жана өркүндөтүүгө негиз болот.
Жыйын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоодо жана Кыргыз Республикасынын климаттык максаттарына жана туруктуу өнүгүүсүнө жетүүдөгү билим берүү системасынын ролун жогорулатууда маанилүү кадам болду.
Семинар Азия өнүктүрүү банкынын «Борбордук Азиянын регионалдык экономикалык кызматташтыгы (ЦАРЭС) программасынын алкагында жашыл көндүмдөрдү өнүктүрүүнү чыңдоо» техникалык жардам долбоорунун колдоосу менен уюштурулду.