Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
16 Июнь 2026 ж. 12:16
Көрүлдү: 204
Бүгүн, 16-июнда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулер менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Николас Боулер Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин «Кызматташтык салымы үчүн» медалы менен сыйланды.
Белгилей кетсек, Николас Боулер Кыргызстандын англис тили мугалимдеринин квалификациясын жогорулатууга, ошондой эле англис тили боюнча окуу-усулдук материалдарды жана окуу китептерин даярдоого жана басып чыгарууга колдоо көрсөтүп келген.
Министр Догдуркүл Кендирбаева элчиге жемиштүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, анын мындан аркы кесиптик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.