Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
15 Июнь 2026 ж. 12:11
Көрүлдү: 157
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги 2025–2026-окуу жылынын жыйынтыгы менен жалпы билим берүү уюмдарынын 9 жана 11-класстарынын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү билим берүү документтерин тапшыруу аземи 2026-жылдын 26-июнунда саат 09:00дө өткөрүлөрүн маалымдайт.
Аталган күнү республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарында 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк, ал эми 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө орто жалпы билим жөнүндө аттестат тапшырылат.
Документти тапшыруу иш-чарасын өткөрүүдө бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздук чараларын камсыз кылуу жеке жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт.
Ошондой эле менчигинин түрүнө жана статусуна карабастан республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине иш-чараны өткөрүү үчүн ар кандай акча каражаттарын чогултууга, бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата-энелерине көрсөтүлгөн иш-чарадан тышкары кошумча иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат.