КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ГРУЗИЯНЫН ОРТОСУНДА КЫЗМАТТАШТЫК ЖӨНҮНДӨ МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

12 Июнь 2026 ж. 16:51

Көрүлдү: 119

Бүгүн, 12-июнда Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов Грузиянын Билим берүү, илим жана жаштар иштери министринин биринчи орун басары Леван Гирсиашвили менен жолугушту.

post.title

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты. Мындан тышкары, билим берүү саясатындагы актуалдуу багыттар боюнча тажрыйба алмашуу болду.

Альберт Махметкулов Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу эки өлкөнүн билим берүү уюмдарынын ортосундагы кызматташууну тереңдетүүгө жана кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи. Ал ошондой эле грузин тарапка Кыргызстанда билим берүү системасын трансформациялоого багытталган «Алтын Казык» улуттук билим берүү программасы тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде Леван Гирсиашвили өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча Грузиянын мектептери менен колледждеринин иш тажрыйбасы менен таанышуу үчүн Кыргызстандын өкүлдөрүн кабыл алууга грузин тарап даяр экенин билдирди.

«Грузия менен Кыргызстан жаштар арасында тажрыйба алмашууну өнүктүрүүгө даяр. Биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достукту чыңдоого көмөктөшкөн жана жаштар үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн биргелешкен долбоорлордун, анын ичинде жаштар лагерлеринин ишке ашырылышын кубаттайбыз. Ошондой эле кесиптик билим берүү тармагындагы кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарбыз», — деди ал.

Мындан тышкары, Леван Гирсиашвили Грузиянын билим берүү системасында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу айтып берип, кыргыз тарапты өлкөгө келип, ишке ашырылып жаткан реформалар менен таанышууга расмий түрдө чакырды. Ал кесиптик билим берүүгө болгон кызыгуу өсүп жатканын белгилеп, Грузияда 12 жылдык мектептик билим берүү системасы 1990-жылдан бери иштеп келе жатканын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана эки өлкөнүн адамдык потенциалын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана кызматташууну мындан ары чыңдоого даяр экендиктерин ырасташты.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Грузиянын Премьер-министри Ираклий Кобахидзенин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен Грузиянын Билим берүү, илим жана жаштар иштери министрлигинин ортосунда билим берүү тармагындагы кызматташтык боюнча Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар