«ДООР ӨЗГӨРТКӨН БИЛИМ»: БАТКЕНДЕ АТА-ЭНЕЛЕР ФОРУМУ ӨЗ ИШИН БАШТАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

12 Июнь 2026 ж. 12:06

Көрүлдү: 113

Бүгүн, 12-июнда, Баткен шаарында Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын катышуусунда «Доор өзгөрткөн билим» аталышындагы ата-энелер форуму өз ишин баштады.

post.title

Форумга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Баткен облусундагы өкүлү Саламат Ажикеев, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, мугалимдер жана ата-энелер катышууда.

Форумдун алкагында катышуучулар Баткен облусундагы кесиптик окуу жайлардын, Улуттук «Алтын түйүн» балдар инженердик-техникалык академиясынын Баткен облустук филиалынын жана жалпы билим берүү уюмдарынын көргөзмөлөрү менен таанышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алгачкы жыйынтыктары талкууланып, ата-энелер менен ачык диалог уюштурулат. Форум билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөр боюнча маалымат алмашууга жана сунуш-пикирлерди угууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар